11
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасына COVID-19 каршы вакцина жеткирүү боюнча кенешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасына COVID-19 каршы вакцина жеткирүү маселеси боюнча кенешме өткөрдү.
Жылдыз Бакашова белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондунун өкүлү Кристин Жольм менен республикага Sinopharm өндүрүшүндөгү вакциналарды жеткирүү процессин тездетүү маселесине көмөк көрсөтүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөр орун алды.
«Тараптар бул маселе боюнча көмөк көрсөтүүгө даярдыгын тастыктады. Жакын арада өлкөгө 150 миң доза көлөмүндөгү вакцина алынып келинээри күтүлүүдө. Министрлер Кабинети жана ЮНИСЕФ вакциналарды жеткирүү боюнча техникалык жана финансылык маселелерди иштеп чыгууда. Буга катар тармактык мамлекеттик органдар тарабынан «Спутник V» россиялык вакцинасын жеткирүү боюнча иш жүрүүдө. Республикалык бюджеттен тийиштүү финансылык каражаттар бөлүнгөн. Вакцинаны жүктөө жакынкы арада башталат», - деди ал.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө пландаштырылган негизги артыкчылыкту топту: тобокелдик топтогу медициналык кызматкерлерди (реанимация бөлүмү, жугуштуу оорулар бөлүмү, Тез жардам, кызыл зона), социалдык тармактагы кызматкерлерди (жалпы билим берүү кызматкерлери), жашы 65тен жогорку жана өнөкөт оорусу бар жарандарды вакцинациялоонун биринчи баскычы аяктады.