14

Июнь

2021

Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруунун жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде белгиленгендей, 12-июнга карата пландаштырылган 50 иш-чаранын 38и аткарылган, ал эми 12 пункту аткарууда турат.

Бекитилген планды ишке ашыруу алкагында инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана жөнөкөйлөштүрүү, айыл чарбасы жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынган.

Улукбек Марипов белгилегендей, пландаштырылган иш-чаралардын алкагында белгилүү жыйынтыктар орун алды.

«100 күндүк Планды иштеп чыгууда биз кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугуна басым жасадык. Биздин аракеттерибиз карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталды. Ар бир жаран кай жерде жүрбөсүн, мамлекеттик поликлиникада, аптекада, калкты тейлөө борборунда болсун өзгөрүүлөрдү иш жүзүндө сезиши керек. Биометрикалык чет өлкөлүк паспортторду берүү башталды, консулдук кызматтарга баалар төмөндөтүлдү, кыймылсыз мүлктү долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бир катар маалыматтык тутумдар иштелип чыкты, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө тутуму киргизилди, чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу маселеcи чечилди, республикалык масштабдагы автомагистралдарды реконструкциялоо, Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү долбоорлору активдүү фазада турат», - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Пландын айрым пункттары аткарылган эмес жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиевге Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планынын пункттарын өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгына жол берген жактардын жоопкерчилиги боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

«Ар кандай себептер боюнча 12 пункт жыйынтыкталуу алдында турат жана белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес. Милдеттердин өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгы үчүн тартиптик чаралар кабыл алынаары эскертилген», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү бөлүмдөрүнө калган 12 пункттун аткарылышын көзөмөлгө алууну жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы калкка кайрылуусунда белгиленген милдеттерди чагылдыруу менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин пландаштырылып жаткан өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырды.

Маалымдама: Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планынын алкагында жүзөгө ашырылган иш-чаралар.

Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү:
- ишкерликти жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык уруксат кагаздары жөнүндө маалыматтык электрондук портал иштелип чыккан;
- энергиянын жаңылануучу булактары (кичи ГЭС) долбооруна жер (мамлекеттик жана токой фонду) алууга жеткиликтүүлүк жөнөкөйлөтүлгөн;
- «бир аялдама» принциби боюнча ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларынын ишине тыюу салынган;
- товарларды импорттоого КНС кайтаруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү механизми кабыл алынган (шарттуу КНС);
- жеке ишкерлер үчүн салык режими жөнөкөйлөтүлгөн (чекене сатуулардан алынуучу салыктын негизинде);
- милдеттенмелердин негизги суммасын төлөп берүү шартында, туумдарды жана айыппулдарды толугу менен эсептен чыгаруу жолу менен салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздарды реструктуризациялоо жүргүзүлдү.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана жөнөкөйлөштүрүү жаатында:
- жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде 18 жашка чейинки жетим балдарга, 70 жаштан ашкан пенсионерлерге жана башка жактарга ички паспортторду (ID-карталарды) акысыз берүү боюнча улуттук кампания ишке киргизилген;
- транспорт каражаттарын акысыз каттоо өнөктүгү башталды;
- биометрикалык чет элдик паспортторду берүү башталды;
- «open space» форматындагы Калкты тейлөө борборлору ачылды;
- Унаалар боюнча Калкты тейлөө борборлору ишке берилди;
- 2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму ишке кирген, ошондой эле транспорттук каражаттардын электрондук паспортун тариздөө жүрүүдө.
- Аталган тутум ЕАЭБ аймагында да легитимдүү саналат;
- Ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү, экспортерлоорду тейлөөчү көп функционалдуу борбор ишке берүү алдында турат, анда 10 кем эмес мамлекеттик органдардын толук кандуу тейлөөсү көрсөтүлөт;
- курулуш документтерин берүү боюнча бир катар маалыматтык тутумдар иштелип чыккан (www.uslugi.gosstroy.gov.kg // www.gosexpertiza.gov.kg) (долбоорлоо, курулуш, экспертизага долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу жана кыймылсыз обьектилердин башка өзгөрүүлөрү боюнча);
- «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна 484 (100%), анын ичинде 452 айыл өкмөтү кошулган.

Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында:
- Социалдык мааниге ээ айыл чарба товарларына жана азык-түлүккө баанын туруктуу деңгээлин кармап туруу үчүн кумшекерди жана өсүмдүк майын сатып алууга 318,0 миллион сом бөлүндү;
- сүт жана эт боюнча кластердик долбоорлор киргизилген, ага ылайык, 4 сүт ишканасында сүттүн сапатын көзөмөлдөөчү санарип платформасы киргизилген. Сүттүн кошумча наркынын негизинде кластердик өндүрүштү уюштурууга 7000ден ашуун фермер катышат;
- дыйкандардын продукциясын сатуусу жана Бишкек жана Ош шаарынын райондорунда туруктуу айыл чарба жарманкелерин уюштуруу менен социалдык маанидеги азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн шарттар түзүлдү;
- ЕАЭБ-мүчө мамлекеттерден социалдык маанидеги товарларды жана азык-түлүктөрдү жеткирүү жана алардын ички рынокко интервенциясы боюнча түз келишимдерди түзүү механизми иштелип чыккан;
- кумшекерди, өсүмдүк майын, мунай заттарын, минералдык жер семирткичтерди, дары-дармектерди экспорттоого тыюу салынды.

Саламаттык сактоо тармагында:
- COVID-19 каршы вакцинациялоону жайылтуу боюнча Улуттук план кабыл алынды;
- окуучулар жана мектепке чейинки мекемелердеги балдар арасында вирустук инфекцияларды аныктоо боюнча алгоритм иштелип чыгып, кабыл алынды;
- гуманитардык көмөктү эсепке алуунун маалыматтык тутуму иштелип чыгып, ишке киргизилген;
- коронавирус инфекциясынан вакцинациялоонун I этабы жыйынтыкталды, үстүбүздөгү жылдын 14-июнуна карата 90 миң адам эмделген.
- «COVID-19суз саякаттайм» долбоору алкагында Кыргыз Республикасы жаңы коронавирус инфекциясына иликтөөнүн терс жыйынтыктары көрсөтүлгөн шартта, жарандары Россия Федерациясынын аймагына кире алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.