22

Февраль

2018

2017-жылы экономиканын өсүшү 4,5 % түздү

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 493,3 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 % түздү. Бул туурасында бүгүн, 22-февралда, өлкөнүн 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жүрүшүндө маалым болду. Баяндама менен чыккан экономика министри Артем Новиков билдиргендей, экономиканын бардык тарамактары тарабынан экономикалык өсүш камсыздалган, анын ичинде: айыл чарбада өсүү көлөмү – 2,2 %, курулушта – 7,1 %, тейлөө тармагындагы өсүш 2,1 % барабар болгон. «Негизги өсүш өнөр жай секторунда орун алып, анда негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу, металлургиялык рудаларды казуунун жогорку көрсөткүчү, электр энергиясын өндүрүүнүн, аны жеткирүү жана бөлүштүрүүнүн жогорулашы эсебинен 11,8 % реалдуу өсүү темпи орун алган», - деди ал. Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө оңдуу тенденциялар сакталууда. «Тактап айтканда, 2017-жылдын январь-декабрь айында экспорттун өсүш темпи (13,8%) импорттун өсүү темпинен жогору болгон (12%). Мында ЕАЭБ өкөлөрүнө экспорттоо 27% жогорулаган. 2017-жылдын январь-ноябрь айында Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомчулугунун 124 мамлекети менен соода-экономикалык байланыштарды, анын ичинде импорт боюнча – 118, экспорт боюнча – 85 байланышты ишке ашырган», - деди Артем Новиков. Маалымдама: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы тышкы соода жүгүртүүсү 5 602,5 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу 10,9 % жогорулаган. Евразиялык экономикалык биримдик мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүү 2 179,2 млн АКШ доллары көлөмүндө орун алды жана ал 14,3% жогорулаган, бул көлөм республиканын жалпы товар жүгүртүү көлөмүндө 38,9 % түзүп, анын ичинде экспорт – 522,7 млн АКШ долларын (25,7 % өсүү), импорт – 1 656,5 млн АКШ долларын түзгөн (11,2 % өсүү). КМШ мамлекеттери менен 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы товар жүгүртүү көлөмү 17,5 % жогорулап, 2542,0 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинде экспорт – 687,1 млн АКШ долларын (23,1% өсүү), ал эми импорт – 1854,9 млн АКШ долларын (15,5 % өсүү) түзгөн. Алыскы чет мамлекеттер менен соода жүгүртүү 3060,5 млн АКШ долларын түздү (өсүү 6,0 %), анын ичинде экспорт - 854,2 млн АКШ долларын (өсүү 5,6 %), импорт 2206,3 млн АКШ долларын (өсүү 6,2 %) түзөт. [su_carousel source="media: 112769,112770,112771,112772" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 112122,112125,112124,112126" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111982,111983,111984,111985,111986,111987,111988,111989" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 111535,111532,111533,111531,111526,111523,111522" limit="26" link="attachment" width="400" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 109100,109101,109102,109103,109104,109105,109106,109107,109108,109109,109110,109111" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү