13

Январь

2017

2017-жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча саммит өтөт

2017-жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча саммит өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиевдин төрагалыгы астында өткөн, 2017-жылы Кыргызстанда боло турган ак илбирсти сактоо боюнча саммиттин уюштуруу комитетинин жыйынында кеңири талкууланды.

Саммитти Кыргызстанда өткөрүү тууралуу биринчи жолу 2015-жылы БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча жыйынында белгилүү болгон.

Бул багыттагы ПРООН, Глобалдык экологиялык фонддун катчылыгы, ЮСАИД, Бүткүн дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду сыяктуу эл аралык уюмдар 2017-жылы саммиттин Кыргызстанда өтүшүн мамлекеттер аралык бири-бири менен болгон байланышты чыңдоодо жана жаратылышты коргоодо мааниси зор экендигин билдирди.

Алдыда боло турган иш чараны ийгиликтүү өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө улуттук деңгээлде концепциянын алгачкы варианты иштелип чыккан.

Жыйында Биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев тиешелүү мамлекттик органдарга уюштуруу иштерин убагында өткөрүүнү тапшырды. Даярдык иштери тууралуу келерки жыйын февраль айынын башында өткөрүлөт.

[su_carousel source="media: 88149,88150,88151,88152,88153,88154,88154,88153,88152,88151,88150,88149"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү