17
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылышына катышты.
Жылдыз Бакашова белгилегендей, медициналык мекеме тийиштүү жабдуулар жана суюк кычкылтекти берүү тутуму менен жабдылган.
«Республикалык бюджеттеги жөнөкөй эмес абалга карабастан, мамлекет аймактарга өзгөчө көңүл буруусун улантууда. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын айлык акысы жогорулатылды. Июль айынан тарта башка категориядагы врачтардын эмгек акысы 50%га жлогорулатылат. Июнь айынын башталышында «кызыл зонада» иштеген медициналык кызматкерлердин компенсацияларын төлөөгө республикалык бюджеттен 600 млн сом бөлүнгөн. Бардык төлөөмдөр өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөнүп берилет. Нарын облусунун медициналык кызматкерлери бийик тоолуу жөнөкөй эмес шартта иштейт. Медиктерге жарандардын ден-соолугу жана өмүрү үчүн күрөшүүдө жан аябастан эмгектенгендиги үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары оорукананы кыдырып чыгып, медициналык кызматкерлер менен жолугушту.
Жылдыз Бакашова Министрлер Кабинетинин атынан ооруканага 3,5 млн сом суммасындагы медициналык жабдуу тапшырды.
Белгиленгендей, учурда 35 клиникалык ординатор Нарын облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында окуудан өтүп жатат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жергиликтүү бийлик органдарын саламаттык сактоо тармагындагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүү үчүн болочок дарыгерлерге колдоо көрсөтүүгө үндөдү.
Наркы 79,2 миллион сомдук жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 2020-жылы башталган. 70 орунга ылайыкташтырылган медициналык мекемеде 10 реанимациялык орун, 10 интенсивдүү терапия иалатасы жана 50 обочолонгон палата каралган.