20

Март

2020

2018-2019-жылдардын мезгилинде жалпы суммасы 390,6 млн АКШ долларына 21 улуттук инвестициялык долбоор аяктаган

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аймактар боюнча жалпысынан 155 улуттук инвестициялык долбоор каралган.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча региондук долбоорлордун жалпы санынан 19 долбоор аяктаган (жалпы санынан - 13,3 %), ишке ашыруу процессинде - 33 (23,2 %), даярдоо иштер жүргүзүлүүдө – 69 (48,5 %).  

Каржылоо булактары такталбаган долбоорлордун ичинен 2 долбоор аяктаган (15 %), ишке ашыруу процессинде – 4 (31 %).  

2018-2019-жылдардын мезгилинде 155 улуттук инвестициялык долбоордун ичинен жалпы суммасы 390,6 млн АКШ долларына 21 долбоор аяктаган.