04
Июль
2018-жылдын 1-31-июлунда Бишкек жана Ош шаарларында электрондук форматтагы патенттерди берүү боюнча пилоттук долбоор өтөт
2018-жылдын 1-31-июлунда Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга электрондук форматтагы документ түрүндө (электрондук патент) патент берүү боюнча пилоттук долбоор өтөт. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Аталган чечим салык милдеттенмелерин аткаруу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана ишкердүүлүгүн патенттин негизинде жүргүзгөн ишкер субъектилерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Учурдагы ыктыярдуу патенттерди берүүнүн тартиби салык төлөөчүлөрдөн көп убакытты (патент берүү пунктуна келүү, кассадагы жана патент берүү пунктундагы кезек, артка карай жол) талап кылат. Патенттерди кечкисин, же иш убактысынан кийин алуу мүмкүндүгү жок. Аталган пилоттук долбоор Бишкек жана Ош шаарларында электрондук патент берүү механизмин апробациялоого мүмкүндүк берет.
Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында электрондук патент берүү механизмин ишке киргизүүнүн максаттуулугу жана аны баскычтуу кийрүү мөөнөтү тууралуу чечим кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү