12
Май
2018-жылдын 1-октябрына карата күтүлгөн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,42 млрд метр кубду түзөт
2018-жылдын 1-октябрына карата күтүлгөн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,42 млрд метр кубду түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов 2017-2018-жж. күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары жана 2018-2019-жж. күз-кыш мезгилине даярдык көрүү тууралуу айтып жатып билдирди.
«2018-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,4 млрд. метр кубду түзсө, ал эми 2017-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,6 млрд метр кубду түзгөн. Суунун бул көлөмүнүн толушу ыңгайлуу климаттык шарттардын жана өлкөдө кабыл алынган тарифтик саясаттын натыйжасында жетишилген. Токтогул суу сактагычынын жаңыланган иштөө режиминин эсебине жана 2018-жылга карата электр энергиясынын балансына ылайык, 2018-жылдын 1-октябрына карата күтүлгөн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,42 млрд метр кубду түзөт. Белгилей кетсек, бул иштөө режими электр энергиясын экспорттоону эске алуу менен эсептелген», - деп билдирди Улан Рыскулов.
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов «Электр станциялары» ААКсы 2017-жылга карата иштеп чыккан электр энергиясынын көлөмү 15 151,4 млн. кВтс түзгөнүн маалымдады.
«Кезектеги жылытуу мезгилине өтүүгө даярдык көрүүнүн алкагында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018-2019-жж. күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомдун долбоору даярдалды. Бул документтин алкагында республиканын калктуу пункттарын газдаштыруу боюнча чараларды ишке ашырууда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКга көмөктөшүүнү улантуу каралган. Коомдун инвестициялык программасына ылайык 2018-жылга карата Бишкек шаарынын дагы алты жаңы конушуна газ орнотуу пландаштырылган. Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкек шаарынын аймагында «Чыгыш» магистралдык түйүнүн реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруу белгиленген. Бул максаттарда «Бишкек жылуулук түйүнү» ААКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 5,6 млн доллар өлчөмүндө насыя алды”, - деп билдирди баяндамачы.
Ошону менен бирге, анын айтымында, алдыдагы жылытуу мезгилин ишенимдүү өтүү үчүн энергия менен камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана электр энергиясын пайдаланууда белгиленген чектөөлөрдү сактоонун энергетикалык таасирдүүлүгүн камсыздоо боюнча тажрыйбалык чараларды кабыл алуу талап кылынат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча токтомдун долбоору айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен Өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү