15

Ноябрь

2018

2018-жылдын соңуна дейре ИДП көлөмү 2,8% деңгээлде болжолдонууда

«2018-жылдын соңуна дейре ИДП көлөмү 2,8%дык деңгээлде болжолдонууда», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө. Аталган жалпы жыйында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь айынан тарта өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжаларга чыга баштады.  Экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш камсыз болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде, Кумтөрдү кошпогондо, ИДП 2,6%га өстү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат, бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көп болуп саналат.

«Бюджетти баланстоо максатында мамлекеттик органдардын чыгашалары: алсак, товарларды сатып алуу, күнүмдүк чыгымдар 4 млрд сомго оптималдаштырылды. Бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 2,7%га азайтылды. Акчалай чегерилишинде алсак: дефицит 20,3 млрд сомдон 15,2 млрд сомго чейин азайтылган», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 125742,125741,125743,125744" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel][/su_carousel]

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү