19

Июнь

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту.

Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Улуу Британиянын республикага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бүгүнкү күндө Министрлер Кабинетинин негизги милдеттеринин бири калкты эмдөө экендигин белгилеп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

«Кыргыз Республикасы үчүн Улуу Британия менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маанилүү. Британдык тарап аркылуу Кыргыз Республикасындагы, айрыкча социалдык чөйрөдөгү долбоорлордун мындан ары карай натыйжалуу ишке ашырылышына ишеним билдиребиз», - деп белгиледи Жылдыз Бакашова. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты. Британ тарапка COVID-19 менен күрөшүү жана калкты эмдөө жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында, Кыргыз Республикасынын жана Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда видеоконференция форматында консультацияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. 

Ошондой эле өлкөдө каржы жана банк иши, экологиялык дипломатия жаатындагы кадрларды даярдоого жана Британиялык университеттердин биринин филиалын Бишкекте ачууга багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары британ тараптын COVAX программасынын алкагында жакын арада вакцина алууда колдоо көрсөтүүсүнө ишеним билдирди. 

Ал британдык тараптын жана БУУӨП Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга БУУ климаттын өзгөрүшү боюнча Тараптардын Рамкалык  конвенциясынын конференциясынын алдында климаттык саясатты жана иш-аракеттерди күчөтүүгө жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорунун оң таасирин белгиледи.

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чарльз Гаррет эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле өлкөдөгү долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Ал кыргыз тарапка 2019-2022-жылдарга эсептелген «Борбор Азиядагы гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү» долбоорунун жүрүшү, анын ичинде ушул долбоордун алкагында 2020-жылы Бишкек жана Ош шаарларында Улуу Британиянын элчилигинин колдоосу менен ачылган кризистик борборлордун иши жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар үчүн 117 түз ишеним телефону ишке киргизилгендиги жөнүндө маалымат берди.