19
Июнь
Республикалык штабда эпидемиологиялык абалдын начарлашы талкууланды
Саламаттыкты сактоо органдары коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн тийиштүү медициналык жабдуусу каралган кошумча керебеттерди жайгаштыруу жана көбөйтүү боюнча ыкчам чараларды көрүшү керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдирди.
«Коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн стационардык мекемелерде негизги жана резервдик орундардын жетиштүү болушун дайыма көзөмөлдөп туруу зарыл. Орундардын жана дары-дармек каражаттарынын жетишсиздигине жол берилбеши керек. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында кошумча орундарды ачууда зарыл болгон медициналык кадрлардын резервин камсыздоо зарыл», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, COVID-19 каршы күрөшүүдөгү негизги чара катары калкты кеңири масштабдуу вакцинациялоо болуп саналат.
«Спутник-V» россиялык вакцинасынын кезектеги партиясы келди. Ал эпидемиологиялык абал кескин начарлап жаткан аймактарга жана шаарларга жөнөтүлүшү керек. Буга катар жарандарды коопсуздук чараларына жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышына жоопкерчиликтүү кароого чакырабыз. Биз кырдаалдын начарлашына даяр болушубуз керек», - деди Жылдыз Бакашова.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү минисрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
- бир жумалык мөөнөттө "кызыл зоналарда" жана мобилдик бригадаларда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн обсервациялык зоналарды уюштуруу маселесин чечүү, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында кошумча орундарды ачууда зарыл болгон медициналык кадрлардын резервин камсыз кылуу.
- саламаттыкты сактоо уюмдарын коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана медициналык буюмдардын үч айлык кору менен камсыз кылуу;
- Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүнүп берилген дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды зарылдыгына жараша коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы начарлап жаткан аймактардагы жана шаарлардагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүү.
Жергиликтүү бийлик органдарына түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөлдү күчөтүү, абал начарлап кеткен учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.