27

Февраль

2019

2019-2021-жылдарга карата мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларын ишке ашыруу боюнча Пландын долбооруна карата түшүндүрүү

Мамлекеттин антикоррупциялык саясатын ишке ашыруу максатында 2019-2021-жылдарга карата мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларын ишке ашыруу боюнча Пландын долбоору иштелип чыккан.

2019-жылдын 15-февралында План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган. Башка иш-чаралардан тышкары Планда төмөнкүлөр каралган:

1) банктык эсептердин борборлоштурулган реестрин түзүү, ал бенефициардык менчик ээлери тууралуу да маалыматтарды камтыйт жана финансылык тергөөлөрдүн жүрүшүндө банктык эсептерди ыкчам идентификациялоо максатында соттун буйругусуз тергөө органдарына жеткиликтүү болот;

2) финансылык тергөөлөрдү жүргүзгөн тергөө органдарына жеке маалыматтар тийиштүү корголгон шартта бажы жана салыктык маалыматтардын түз жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле улуттук мыйзамдардын жоболорун салыктык маалыматтын укук коргоо органдарына жеткиликтүүлүгү бөлүгүндө шайкештөөнү камсыздайт.

Бул иш-чаралар Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Антикоррупциялык түйүнүнүн (АКТ) Стамбул аракеттер планынын алкагындагы мониторингдин үчүнчү (2015-2017-жж.) жана төртүнчү (2018-ж. башталган) раунддарынын сунуштарын (№ 43 сунуштун 2 жана 3-пункттары) эске алуу менен Пландын долбооруна киргизилген.

Белгилей кетсек, учурда План бекитиле элек, аны талкуулоо жана түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу процесси жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү