06

Февраль

2020

2019-жылы Ош облусуда 61 өнөр-жай тармагындагы кичи ишкана ишке киргизилген

2020-жылдын 6-февраль күнү 2019-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча Ош облустук коллегиясынын кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү. Жыйынга КР дин вице -премьер министри Жеңиш Разаков, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана аппараты, коллегия мүчөлөрү, акимдер, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү болуп 580 киши катышышты.

Жыйында “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылынын” алкагында аткарылган иштер боюнча Өкмөттүн өкүлү  Узарбек Жылкыбаев маалымат берди. Жетишкендиктер жана кемчилдиктер, аткарылган иштер тууралуу токтолуп, облустун экономикасына түздөн-түз таасир эткен өнөр жай ишканаларына инвестицияларды тартууну күчөтүү мезгил талабы экендигин баса белгиледи.

Учурда  ишкердик  чөйрөнү  жакшыртуу  максатында  жүргүзүлүп  жаткан иштердин натыйжасында облуста жылдын жыйынтыгы менен кичи жана  орто  бизнес  тарабынан  өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү  3 млрд.775 млн. сомго жетип, өткөн жылга салыштырганда 86,8 млн. сомго көп продукция чыгарылып, өсүү темпи 2,4 эсеге өскөн.ю

Жыл башынан бери облус боюнча 61 өнөр жай багытындагы кичи ишканалары ишке киргизилип 671 жумушчу орду түзүлгөн, анын ичинен 46 ишкана өнөр жай багытында, 14 ишкана айыл чарба багытында 6 ишкана таза-суу менен камсыз кылуу жана 1 ишкана элге кызмат кылуу багытында ишке берилди. Алардын эсебинен жалпысынан 651,5 млн. сомдук инвестиция өздөштүрүлдү.

Автомобиль жолунун башкармалыгы боюнча 2019-жылга 234 млн. 42 миң 500 сом пландалса 256 млн. 833 миң 100 сомдук жумуш аткарылган. 103,0 пайызга аткарылган.

41млрд. 735,9 млн. сомдук  айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 102,4%  түздү. Жалпы Кыргызстан боюнча чыгарылган айыл чарба тармагынын көлөмүндө, Ош облусунун үлүшү 19,0% түзөт.

Айыл-чарба продукциялары жалпысынан 35 миң 275 тонна экспортко чыгарылды (алча - Кытайга, бал -  Япония, Россияга, чеснок - Иранга, Өзгөн күрүчү - Казакстан, Россияга ж.б.). Ал үчүн блуста 21 мөмө жемиш сактоочу жайлар ачылган Учурда облуста эки заманбап мал соючу ишкана ачылып, жакынкы чыгышка этти экспортто планы коюлду.

2019-жылды 2018-жылга салыштырганда мал чарба продукцияларын өндүрүүсүнүн жогорулап, 84 миң 657 тонна эт  өндүрүлдү (102,0%), 321 миң 710 тонна сүт  (101,8%), жүн – 2миң 299 тонна (100,5%) өндүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) 2015-жылдын сентябрь айынан ”Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору-2” боюнча жумуштар  башталып бүгүнкү күндө жалпы  облуска  каралган 539 млн. 199 миң сомдон  450 млн.232 миң сом берилип же 83% жумшалды, калган 89 млн. сом  акча каражатын 2020-жылдын октябрь айына чейин каржыланат жана аны толук алып бүтүү керек.

495 айыл болсо, алардын  ичинен 350 айыл таза суу менен камсыз болуп, калган 145 айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча  жумуштар аткарылууда жана 2023-жылга чейинки мамлекеттик  программанын үстүнөн жогорку деңгээлде  иш алып баруу зарыл. 

2019-жылдын 1-октябрына карата 115 жаран документтерин тапшырган, алардын ичинен 65 жарандын документтери комиссиядан өткөн. 3 жыл аралыгында 537 жаран үй менен камсыз болушкан. 

Инвестициянын көлөмү 2019-жылдын жыйынтыгы менен райондордон алынган маалыматтар боюнча жалпысынан 6 млрд. 321 млн. сомду түзүп

Кыргыз–Орус өнүктүрүү фонду тарабынан Ош облусу боюнча  2019- жыл январь-декабрь айларында 288 долбоор жактырылып, ага 23,6 млн АКШ долларында кредиттер берилди. 

Гарантиялык фонд тарабынан 2019-жылдын 1-январына карата Ош облусу боюнча 85 долбоорго алынган жалпы 393 млн. сомдук кредитке 120,4 млн. сомдук гарантия берилген. 

2018-жылы 32378 жаран өз турак үйлөрүн камсыздандырса, 2019 жылга 29092 жарандар турак үйлөрүн камсыздандырды. Былтыркы  жылга караганда 3286 турак үйлөргө аз камсыздандырылды

2019-жылы  «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 741328,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип 32 объекттини бүткөрүү пландаштырылган. Көрсөтүлгөн 32 объекттин ичинен 27 объект бүткөрүлдү жана пайдаланууга берилди. 9 мектеп, 5 спорт зал, 1 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу менен камсыз кылуу объектилери жана 8 капиталдык ремонт жумуштары. Ал эми 5 курулуш аяктады феврал айынын аягында ачылуу жүрөт 

Билим берүү тармагы боюнча бардык мектептер интернет менен камсыз болду, учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде интернет менен камсыздоо 54%, Кара-Кулжа району компьютер менен камсыздоо 99% түзөт, ЖРТ боюнча орточо 120 бал болуп алдыңкы орунда турат. Ал эми коопсуз мектеп, электрондук күндөлүк, журнал, онлайн окутуу боюнча Ноокат, Алай, Кара-Суу райондору ийгиликтүү. 

Материалдык техникалык база менен камсыздоо жакшы жолго коюлду мындан ары билим сапатына басым жасалуу керек деп белгиледи Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Ош облусунун окуучулары облустук командалык эсеп боюнча 6-орунду камсыз кылышып (2018-жылы 9 орун камсыздаган) билим берүүнүн деңгээли төмөн экендигин далилдеп турат.

Медицинада республикада 1-жолу пилоттук мобилдик рецепт долбоору Ош облусунда иштей баштады. Онлайн, электрондук кезек, телемедицина райондук ооруканаларда да иштөөгө жетишти. 

Облустук  жана райондук ооруканаларга  12 даана реанимобиль алынып, 2019-жылда 1 жашка чейинки каза болгон балдардын саны жалпысынан алганда 316 болуп  былтыркы жылга салыштырмалуу 12,6%га төмөндөгөн. Бирок, дагы бул маселенин үстүндө дыкат иштөө зарыл .

Ош облусунун аймагында 2019-жылдын  12 айында 4 өзгөчө кырдаалдар катталды (сел).  чыгым 2 млн 584миң 500 сомду түздү. Ал эми, 2018-жылдын  12 айында 11 өзгөчө кырдаалдар катталып, 1 адам (кар көчкүдөн) каза болгон.  Өткөн жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаал 36 пайызга аз катталып, келтирилген чыгым  9 млн. 839 миң 958 сомго азайган. 

Мындан сырткары Президенттин жарлыгына ылайык 2020-жылы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жаатындагы иштер улантылып, Балдарды колдоо ишин системалуу жүргүзүү тууралуу бардык тармак жетекчилерине, акимдерге, айыл аймак башчыларына, облус активине тапшырмалар берилди. 

Жыйындын аягында тармак боюнча ийгиликтерди көрсөткөн мекемелер, жетекчилер, кызматкерлер сыйланышты


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

Ош  облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 

басма сөз кызматы