24

Июнь

2021

Кыргыз-түрк делегациясы экинчи ирэт жолугушту

КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,КР Президентинин чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов  жана Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган баштаган  түрк делегациясы экинчи жолу Баткен шаарында жолугушууда.Түрк элчиси менен бирге Туркия жаш ишкерлеринин биримдиги уюмунун өкүлдөрү келишкен.Алардын ичинде айыл чарба,спорт,энергетика жана саламаттыкты сактоо тармагында иш алып барган ишкерлердин өкүлдөрү мындан сырткары "Demir" банкынын башкы директору да келген.Бул иш сапар Түркиянын Кыргызстандагы элчиси баштаган түрк делегациясы Баткен облусуна экинчи ирэт келишти.


Алгач,облус башчысы кыргыз-түрк достук-кызматташуу иш аракеттери мыкты деңгээлде жүрүп жатканына токтолуп,Туркия мамлекетинин Баткен облусундагы чек арадагы каргашалуу окуяда жабыр тарткан айылдарына көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип,достук-кызматташтык алкагында көп жетишкендиктерге биргеликте жетээрин билдирди.

Түрк элчиси Ахмет Садык Доган өз сөзүндө кыргыз-түрк эли бир эл! Берилип жаткан ар бир жардам Баткен облусунун эли үчүн көрүлүп жаткан колдоо аракеттери саналат.

Андан соң облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Баткен облусунун чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КР Президентинин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов түрк элчиси Ахмет Садык Доган баштаган түрк делегациясын облус борбору Баткен шаарында жайгашкан  стадионуна алып барышты.

Облус башчысы А.Алимбаев стадион эл үчүн эң керектүү экенин жана да мындан башка жергиликтүүлөр үчүн башка спорттук стадион жоктугун айтып,бул стадионду эл үчүн толугу менен заманбап талаптарга ылайык реконструкциялап берүүнү суранды.


Туркия жаш ишкерлеринин биримдиги уюмунун спорт тармагында иш алып барган өкүлдөрү бул стадионду 15 миң адамга чейин ылайыкташтырылып,заман талабына жараша шарттары менен реконструкция иштери жүргүзүлөрүн айтышып,болжолдуу жасала турган стадиондун сүрөттөрүн көрсөттү.


Түрк делегациясынын Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Төрт-Күл суу сактагычынын айланасында трансформацияланган жердеги айыл чарба багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырылды.


Бүгүнкү күндө 225 гектар жер трансформацияланып,багбанчылык менен алектенүү үчүн жарандарга берилген.Учурда 50 гектардан ашык жерге бадам көчөтү отургузулуп, калган 175 гектарына да бадам көчөтүн отургузуу пландаштырылган.

Мындан сырткары бул аймакта 1000 гектарга жакын бош жаткан жер бар. Түрк делегациясы 1000 гектар аймакты иштетүүнү сүйлөшүштү.Бул аймакта мөмө жемиштин бир нече түрлөрүн өстүрүп,мөмөсүн кайра иштетүүчү ишканаларды куруу пландаштырылды.


Кыргыз-түрк достук-кызматташтык жолугушуусунда түрк делегациясында Demir банкынын башкы директору да келген.Аталган банк менен эки тараптуу сүйлөшүүдөн улам Баткен элине арзан пайызда кредит берүү жана башка иш аракеттерди ишке ашыруу үчүн Баткен облусуна Demir банкынын филиалдарын ачып берүүнү макулдашышты.


Эске салсак 9-июнда эки өлкөнүн Президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайип Эрдоган Туркия мамлекетинин Анкара шаарында достук-кызматташтык жолугушуусу жогорку деңгээлде өткөн.Анда мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.


КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.