22

Май

2020

2020-жылдын 22-майына карата берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалымат

Бишкек шаары:

Бишкек шаары боюнча 101 254    муктаж үй-бүлөгө жардам катары   889,8      тонна ун, 176,5  тонна макарон, 138226 литр өсүмдүк майы, 198,1 тонна күрүч, 179,7 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 15423,1 кг чай, 105806 кг буурчак (горох), 12530 кг китлап, 448 кг эт,  33337 коютулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 1901 кг туз берилди.                                                       

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыкта текшерген термометр, 113027 бет кап,  2925  респиратор, 1220 бет жапкыч,    40058   кол кап, 2190 литр антисептик,   1794  даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет),   6654  даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет) берилди.      

Ош шаары:

Шаар боюнча муктаж 60 245 үй-бүлөгө жардам катары 368 тонна ун, 81600 кг макарон,   62900 л өсүмдүк майы, 69100 кг күрүч, 67900 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 557,2 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  8,1 тонна хлор, 401 100 даана беткап, 4 300 л антисептик, 15 800 даана коргоо костюмдары, 117 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу:

Облус боюнча муктаж 103 157  үй-бүлөгө 3 054 тонна 590 кг  ун, (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан – 1325,05 тонна ун, Өзбекстан Республикасынан – 380 тонна ун) 75 тонна 488 кг макарон,  146 тонна 773   л өсүмдүк майы, 73 тонна 337 кг күрүч, 43 тонна 561 кг кумшекер, 8 тонна 641  кг эт, 26 тонна 285  кг картошка берилди. 

Анын ичинен жеке тараптардан 52 618 үй-бүлөгө, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 36 727  үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө  гуманитардык жардам берилди. 

Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна  8 млн 492 миң сом бөлүнүп – 10 615 үй-бүлөгө, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат районуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп – 1250 үй-бүлөгө ( ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалып , жалпысы  11 865 үй-бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  12 тонна 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 л антисептик, 4586 даана коргоо костюм 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди. 

Чүй облусу:

Чүй облусу боюнча 76972 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 1258,377 тонна ун, 143572,0 кг макарон, 126501,0 литр өсүмдүк майы, 97240,0 кг күрүч, 334391,0 кг кумшекер, 5733 кг эт, 39144,0 кг картөшкө, пияз, сабиз мындан тышкары 6935 кг буурчак, 10105 даана чай таркатылды.

Чогулган финансылык жардамдардын жалпы суммасы 403000,0 (төрт жүз үч миң ) сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 42505,0 кг хлор, 179892 даана маска жана распираторлор, 5129 даана коргоо костюмдары, 83937 даана кол кап, 1371 даана атайын көз айнек, 9847,5л антисептиктер, 128 даана тепловизор/термометр жана 17563 даана башка медициналык каражаттар таратылды.

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад областы боюнча жалпысынан 93232 жардамга муктаж үй-бүлөгө 3163,945 тонна ун, 116623,5 кг макарон,  150782 литр өсүмдүк майы, 105801 кг күрүч, 44965 кг кумшекер, 4196,8 кг эт, 84773 кг картошка берилди. 

Областта чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы  25 802877 сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 39 тонна 909 кг хлор, 362021 даана беткап, 9612 литр антисептик,  5307 даана коргоо костюмдары,49327 даана кол кап жана 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, областын аймагында коронавирус  илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 10234 үй-бүлөгө   жергиликтүү бюджеттен 11108185   сом акча каражаты сарпталды.

 Ошондой эле, Ноокен районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажыраган балдарга демөөрчүлөр тарабынан 230000 сомдук кийим-кечелер, БУУнун Азык-түлүк программасынын негизинде 97 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 603825 сомдук ун, май жардам   иретинде  берилген. Мындан сырткары, Ноокен районунун Масы айыл өкмөтү тарабынан турмуш шарты оор 13 үй-бүлөнүн балдарына дистанттык окуу үчүн телефон жана 2 телевизор, жалпы  129100 акча каражатына алынып берилген.

Ал эми, Ала-Бука  районунда “Мөл-Булак” микрокредиттик банкы тарабынан райондогу аймактык ооруканада эмгектенген турмуш-шарты оор 69 кызматкерге, Ала-Бука райондук жеке ишкерлер ассоцияциясынын тарабынан  Чаткал районундагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу  40 000 сомдук медициналык бет кап жана 17 даана жеке коргонуучу костюм     таркатылган.

Баткен облусу:

Облус боюнча 33724 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 1389,6 тонна ун, 51062 кг макарон,  62851 л өсүмдүк майы, 31797 кг күрүч, 27161 кг кумшекер, 1493 кг эт, 7792 кг картошка берилди. 

Облуста  чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 9 млн 151 миң сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  6,5 тонна хлор, 100577 даана беткап, 2585,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары жана 12276 даана кол кап берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча 36 миң 238 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 710 тонна 390 кг  ун, 105 тонна 90 кг макарон,  90 миң 69 л өсүмдүк майы, 34 тонна 396 кг күрүч,  41 тонна 150 кг кумшекер, 1710 кг эт, 1710,5 кг картошка берилди. 

Чогулган акча каражаттар 1 млн 43 миң 310 сомду түздү. 

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  13010 кг, хлор 118239 даана беткап, 7033 л антисептик, 4299 даана коргоо костюмдары, 211443 даана кол кап берилди. 

Нарын облусу:

Облус боюнча29 022 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 879 тонна 800 кг. ун, 54 тонна 834 кг. макарон, 43 тонна 062 литр өсүмдүк майы, 26 тонна 024 кг күрүч, 36 тонна 028 кг кумшекер,  3 тонна 315 кг. эт, 1 353,1 кг чай жана 883 миң 500 сом акчалай берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7т. 918,5 кг хлор, 122 675 даана беткап, 3 куб 387,8 л антисептик, 19 229  даана кол кап берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча 12159 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 695 тонна 95 кг ун, 10 тонна 934 кг макарон,  11253 л өсүмдүк майы, 10 тонна 207 кг күрүч, 459 пачка чай, 3586 кг кумшекер жана 1335 кг эт азыктары таркатылып берилди.

Облуста чогулган  финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү.  

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  7 тонна 849 кг хлор, 87500 даана беткап, 1993 л антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди.