29
Июнь
Жеңишбек Асанкулов: Баткен областын өнүктүрүү программасы жергиликтүү тургундардын пикирин эске алуу менен иштелип чыгат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов, Баткен областынын чектеш айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аймакты өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу алкагында Баткен областына барышты.
Сапардын жүрүшүндө ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү Баткен областынын Лейлек районунун бир катар айылдарына, анын катарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган Интернационал, Максат жана Борбордук айылдарына барышты.
Жумушчу топтун мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, анда кыргыз-тажик чек ара чатагынын жүрүшүндө талкаланган турак-жайларды жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүүгө, жерди трансформациялоо, ичүүчү таза суунун жетишсиздиги, жолдордун курулушу, жеңилдетилген кредиттердин берилишине тийиштүү көйгөйлөр угулду.
Андан соң делегация мүчөлөрү Лейлек районундагы Кулунду каналынын суу бөлүштүрүүчү негизги тосмосунун курулушу менен таанышты.
Баткен областын өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгуу боюнча сапаттуу сунуштарды даярдоо үчүн бир катар көчмө жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.
«Баткен областынын бардык айылдарын камтуу үчүн ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү 4 жумушчу топко бөлүндү. Учурда Баткен областынын айылдарынын калкы менен жолугушуулар өтүүдө жана жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган сунуштар жалпылаштырылууда. Бул абдан маанилүү, анткени жергиликтүү тургундар аймактын көйгөйлөрү тууралуу эң мыкты билишет. Баткен областынын тургундарынын ар бир пикири эске алынат», - деди Жеңишбек Асанкулов.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Баткен областынын чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, «Баткен областына өзгөчө макам берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен областынын чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн, анын ишинин алкагында Баткен областын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкмакчы.