01

Июль

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кытайдын Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцянды туулган күнү менен куттуктады

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцянды туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз!

Өз ара түшүнүшүү жана коңшулук маанайда өнүгүп жаткан эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин канагаттануу менен белгилеп кетким келет.

Үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасында Коммунисттик партиянын негизделишине 100 жыл толууда, анын жетекчилиги астында өлкө гүлдөп өнүгүү жолунда бара жатат. Буга байланыштуу аталган юбилейлик дата менен куттуктап кетүүгө уруксаат этиңиз.

Белгилүү болгондой, «COVID-19» пандемиясынын кесепеттери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын да жашоосуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди.

Сизге жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасына көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана колдоосу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирем.

Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кенейтүүгө багытталган эки тараптуу кызматташтыкты жаңы дем менен активдештирет деп ишенем.

Убакыттан пайдалануу менен Сизге чын ден соолук, бакубаттуулук жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм».