02

Июль

2021

Жылдыз Бакашова Майыптуулугу бар жактардын иши боюнча кеңештин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Майыптуулугу бар жактардын иши боюнча кеңештин жыйынына катышты.

Ал белгилегендей, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу абал калктын социалдык аяр катмарынын, анын катарында майыптуулугу бар жактардын жашоосуна жана өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. 

«Ошондуктан, Кыргыз Республикасы үчүн, өнүгүп келе жаткан өлкө катары, Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция алкагында алынган милдеттенмелерди жүзөгө ашырууда эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын колдоо көрсөтүүсү чоң мааниге ээ. Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланышы менен, мамлекетибиз 196 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын сапаттуу өзгөртүү жолунда турат. Саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, курулуш тармагында дагы да көптөгөн өзгөртүүлөр керектелет, эң башкысы, биз өзүбүз өзгөрүшүбүз зарыл», - деди Жылдыз Бакашова. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгекке карай укугу саясаты, социалдык саясат, экономикалык саясат чөйрөсүндө көйгөйлүү маселелер бар.

Маалымдама: Өзүн-өзү тейлөө мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай же толугу менен жоготкон жана тыштан туруктуу жардамга муктаж жарандарга стационардык уюмдарда социалдык кызмат көрсөтүлөт, майыптыгы боюнча пенсия (121,2 миң адам), ошондой эле майыптыгы боюнча социалдык жөлөкпул төлөнөт (74,7 миң адам, анын ичинде 32,6 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдар бар).

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга санаторийге жолдомолор берилип, протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыздалат.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон баласы бар ата-энелерге социалдык жардам жана материалдык колдоо көрсөтүү максатында “Жеке жардамчы” социалдык кызматынын жаңы түрү киргизилген, анда багуучу жактарга акча каражаты төлөнөт (4900 сом).

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын март айында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен сурдокотормо кызматын көрсөтүү жана сурдокотормочуларга кызмат көрсөтүүсү үчүн акы төлөө тартиби бекитилген.