07

Июль

2021

Министрлер Кабинетинде Афганистандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Афганистандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.  

Кеңешменин жүрүшүндө Афганистандын Памир жергесиндеги этностук кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы жана аларга гуманитардык жардам жеткирүүнүн уюштуруу-техникалык маселелери талкууланды. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга 2021-жылдын күз айларында Афганистандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга гуманитардык экспедиция уюштуруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. 

Белгилесек, Афганистандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этностук кыргыздарга ар жыл сайын гуманитардык экспедиция уюштуруу азык-түлүк жана күндо керектелүүчү товарларды жеткирүү боюнча көмөк көрсөтүүнү гана камтыбастан, Памирдин тургундарын медициналык кароодон өткөрүү, медициналык дары-дармектерди жеткирүү, медициналык консультациялар, алардын турмуш-тиричилигин иликтөө жана этностук кыргыздардын санын аныктоо боюнча милдеттүү программаларды камтыйт.