11

Июль

2021

Министрлер Кабинети Боом капчыгайында балдардын катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгын көзөмөлгө алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Боом капчыгайында балдарды жайкы лагерден Бишкек шаарына ташыган автобустардын колоннасынын катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгынын себептерин иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды.

Жабырлануучуларга зарыл болгон амбулатордук медициналык жардам көрсөтүлдү, бардык балдар Бишкек шаарына жеткирилип, ата-энелерине тапшырылды.

1993-жылы туулган жүргүнчүнүн бирине жамбаш сөөктүн үстүңкү бөлүгүнүн жабык сынуу диагнозу коюлду. Жабырлануучу Кемин аймактык ооруканасына жайгаштырылды, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлдү, жакын арада ал Бишкек шаарына жеткирилет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тийиштүү мамлекеттик органдарга жол кырсыгынын себептерин жана окуяга күнөөлүү жактарды аныктоо максатында зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Эртең аталган жол-транспорт кырсыгы фактысы боюнча жыйын өтөт.

Жалпысынан жол кырсыгынан 6 адам жабыркады, алардын катарында 5 бала жана 1 чоң адам бар.