12
Июль
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова врач-педиатр Бахтияр Абсаматов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова врач-педиатр Бахтияр Абсаматов менен жолугушту.
Мурда Бахтияр Абсаматов Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишине тийиштүү бир катар сын-пикирдерди жана сунуштамаларды билдирип келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө медициналык кызматкерлерге компенсацияларды өз мөөнөтүндө төлөп берүү, айлык акынын өлчөмүн жогорулатуу, анын ичинде өргүү акыларын эсептөө механизмин кайрадан карап чыгуу, коронавирус инфекциясына шектелген бейтаптарды ыкчам аныктоо максатында оорулуу жарандарды «бөлүштүрүү» пункттарын уюштуруу, жумушчу күчкө катышуу коэффициентине төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү жолу менен медициналык персоналды региондордо кармап калуу, COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн кошумча керебеттерди, анын ичинде реанимациялык орундарды өз убагында жайгаштыруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнө аталган маселелерди иштеп чыгып, сунуштарды киргизүүсүн тапшырды.