13

Июль

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Сауд Аравия Королчулугунан гумжардамды кабыл алуу иш-чарасына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Сауд Аравия Королчулугунун Өкмөтүнөн гуманитардык жардам кабыл алуу иш-чарасына катышты. 

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королчулугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Ибрахим Аль-Ради катышты.

Кыргыз Республикасы коронавирустук инфекцияга каршы туруусу максатында Сауд Аравиясы жеке коргонуу каражаттары жана медициналык буюмдар түрүндө 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова белгилегендей,  Сауд Аравиясы менен кызматташтыкты чыңдоо өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Анын айтымында, учурда эки өлкө ортосундагы кызматташтык саясий, экономикалык жана маданй-гуманитардык тармактарда өнүгүүдө.

Ал Сауд Аравия Королчулугунун Өкмөтүнө кыргыз тарапка COVID-19 жайылышына каршы турууда көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Учурда Кыргызстанда калкты кеңири масштабдуу эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр инфекциянын жайылышына каршы турууда жардам көрсөтүүдө. Министрлер Кабинети Сауд Аравиясынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирет, бул эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтөт. Биз бул колдоо көрсөтүүнү жогору баалайбыз», - деди Жылдыз Бакашова. 

Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королчулугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Ибрахим Аль-Ради көрсөтүлгөн гуманитардык жардам өлкөнүн саламаттык сактоо тутумуна колдоо берээрине ишеним билирди.