14
Июль
2021
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев COVID-19 каршы эмдөө алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алды.
Ал вакцинациянын жана жамааттык иммунитеттин пайда болуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды.
Учурда республикада калкты COVID-19дан вакцинациялоо кампаниясы жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик орган кызматкерлери эмдөөдөн өтүүдө.