15
Июль
Айбек Жунушалиев: Келечекте Чүй облусуна жана башка аймактарга сугат суу үзгүлтүксүз жана тийиштүү көлөмдө берилиши тийиш
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чүй облусундагы Чоң Чүй каналынын бүткөрүлө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Боролдой суу сактагычын, айланма экинчи Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары төмөнкү милдеттерди койду:
- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу обьектилеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдалышын тездетүү;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигине – Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын тилкесинде жердеги курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизүү.
- Энергетика жана өнөр жай министрлигине – электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизүү, ошондой эле чакан гидроэлектростанцияларды күчтөндүрүү жана жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү.
Кеңешмеге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев, Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышты.