15

Июль

2021

Коронавирус илдетин биргеликте жеңебиз

     Бүгүн, эрте мененки саат 08:00 дө КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук,райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана ар бир кызматтын бөлүм башчылары менен COVID-19 илдети,учурдагы облус аймагындагы эпидемиологиялык абалы боюнча жыйын өттү.

Жыйында облус башчысы калкка Covid-19 илдетине каршы вакцинация алуу боюнча так жана туура маалымат жеткирүүнү тапшырып,элдин ден соолугу жана саламаттыгы өлкөнүн бүтүндүүлүгү экенин баса белгиледи.

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Алимбаев жыйындан соң ар бир мекеме-ишканалардын жетекчилерин баш болуп илдетке каршы вакцинация алууга облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна баштап барды.

Андан соң Covid-19 илдетине каршы эмдөөгө облус башчысы өмүрлүк жары менен биргеликте катышып,элди вакцинациядан өтүүгө чакырды.

Учурда кезек менен ар бир облустун аймагында ар бир мамлекеттик мекеме-ишкана кызматкерлери эмдөөдөн өтүүнү жана илдетке каршы вакцинация алуу боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү облус башчысы тапшырды.

Бүгүнкү күндө Баткен облусуна Covid-19 илдетине каршы эмдөөгө "Синофарм" вакцинасынын 40 миң дозасы келип,облус аймагындагы район шаарларга жеткирилген.Алдыда этап этабы менен илдетке каршы вакцинациянын дозасы алынып келүүсү күтүлүүдө.


КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.