15
Июль
Республикалык штаб: Калкты вакцинациялоо боюнча кампаниянын алкагындагы иш-чаралар толук көлөмдө жүргүзүлүшү керек
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдетилген программасын ишке ашыруу, ошондой эле вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды.
Жылдыз Бакашова вакцинациялоого калктын көбүрөөк камтылышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
«Вакцинациянын темпин тездетишибиз керек. Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери калкты эмдөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алышы керек. Вакцинациянын маанилүүлүгү жөнүндө жарандарга сапаттуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», - деди ал.
Штабдын отурумунан кийин мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
- эмдөө планын андан ары жайылтуу менен калкты коронавирустук инфекцияга каршы массалык вакцинациялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү процесстерине күн сайын мониторинг жана баалоо жүргүзүү;
- тез арада ведомствонун сайтына жетекчиликтин маалыматтарын жана телефон номерлерин көрсөтүү менен облустук, шаардык жана райондук саламаттыкты сактоо уюмдарынын реестрин; облустук, шаардык жана райондук жеке медициналык мекемелердин жана лабораториялардын реестрин; жетекчиликтин жана мекеменин дареги көрсөтүлгөн коронавирус инфекциясын дарылоочу саламаттыкты сактоо уюмдарындагы бош орундар тууралуу күн сайын жаңыланып турган маалыматты камтыган жаңы бөлүктөрдү иштеп чыгуусу жана ишке киргизүүсү;
- вакциналарды сактоо жана ташуу үчүн тийиштүү температуралык шарттарды камсыз кылуу;
- үч күндүн ичинде эмдөөдөн өткөн жарандардын онлайн жазуусун жана реестрин ишке киргизүү.
Мамлекеттик органдардын башчыларына, Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине вакцинациялоого медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок борбордук жана ведомстволук түзүмдөрдүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кыска мөөнөттө милдеттүү түрдө эмдөө боюнча ишти уюштуруу тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине күнү-түнү эмдөө борборлорунун ишине тартылган медициналык кызматкерлерди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аныктаган жерлерде жана өлчөмдө тамак-аш менен камсыз кылуу тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине ишенип берилген аймактардагы калкты массалык эмдөө маселесин жеке көзөмөлгө алуусу тапшырылды.