17
Июль
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 12-17-июлунда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.
Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.