22

Июль

2021

Улукбек Марипов: Курулган үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун  үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты.

Бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Белгиленгендей, мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.

«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», - деди Улукбек Марипов. 

Белгилесек, турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.