22
Июль
2021
Жарасул Абдураимов Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, Абдураимов Жарасул Осмоналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынган, мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген.