03
Август
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустагы аткарылган иштер жана жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча алты айдын жыйынтыгы,коллегия өткөрдү.
Күн тартибинде:
Баткен облусунун 2021-жылдын алты ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш чаралар планынын аткарылышы,
жол коопсуздугун камсыздоо жана алдын алуу иш чараларынын жүрүшү жана ар түрдүү маселелер болуп үч негизги маселелер талкууга алынды.
Алгач облус башчысынын биринчи орун басары М.Тулаев жана облус башчысынын орун басары Ж.Исаков облус аймагындагы бардык тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат беришти.Кошумча облустун район-шаарларынын аким,мэрлери тарабынан өз аймактарындагы иш аракеттер жана ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат беришти.
Коллегиянын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан жол коопсуздугун камсыздоодо Баткен ОИИБнын ЖККК бөлүмүнө облус аймагындагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча коюлган тапшырмалардын үстүнөн натыйжалуу иш аракеттер жүргүзүлбөгөндүгү үчүн ЖККК бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу С.Абдисаматовго сөгүш жарыялоо сунушталды.Анан да Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри А.Халбеков кызматтык тартипти так аткарбагындыгы үчүн сөгүш жарыялоо сунушталды.
Мындан сырткары Баткен районунун акими У.Жоробаевге өлкө башчысы тарабынан район аймагындагы турак жай багытындагы трансформацияланган жерлерди калкты турак жай менен камсыздоодо иш аракеттер солгун жүргүзүлүп жаткандыгы айтылып,ыкчам түрдө район аймагындагы тургундарды турак жай менен камсыз кылууну тапшырды.
Буга чейин КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ар бир облустук,райондук жана шаардык мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине дем алыш күндөрүнө карабай,күнү же түнү кызматтык тарипти так сактап,өз аймактарында калк арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө биргеликте иш жүргүзүп,элдин көйгөйүн жеринде чечүүнү тапшырган.
Жыйын соңунда Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн куруучулар күнүнө карата бир катар Баткен регионалдык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлерин облус башчысынын ардак грамотасы менен сыйланды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.