05

Август

2021

Айбек Жунушалиев: Министрлер Кабинетинин негизги милдети – чек арадагы райондордун тургундары кадимки жашоого кайтуусу үчүн бардык шарттарды түзүү

Министрлер Кабинетинин негизги милдети – чек арадагы райондордун тургундары кадимки жашоого кайтуусу үчүн бардык шарттарды түзүү жана үстүбүздөгү жылдын 31-августуна карата бардык пландаштырылган объектилердин курулушун жыйынтыктоо керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 4-майындагы № 113 «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө»  Жарлыгына ылайык түзүлгөн, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусундагы учурдагы абал жана аткарылып жаткан иштер тууралуу отчет менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Президенттин Баткен облусундагы Атайы өкүлү Мамыржан Рахимов жана тийиштүү мамлекеттик аткаруу органдарынын жетекчилери чыкты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, социалдык объектилерди, турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталган бардык иш-чараларды тездетүү, анын ичинде чектеш райондордун тургундарын ичүүчү таза суу жана турак-жайларды натыйжалуу жылытуу тутуму менен камсыздоо зарыл. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Баткен жана Лейлек райондорунда 140 үйдү калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүүдө, анын ичинде 30 үй жыйынтыкталып, ага тургундар киргизилген, 75 үй жыйынтыкталуу алдында турат.

Жолдордун курулушу боюнча, алгачкы этапта 13.1 км жолду асфальтташтыруу пландаштырылган, бирок Баткен облусунун калкы менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кошумча түрдө 3,3 км жолду киргизүүнү тапшырган. Учурда 15,7 км жол асфальтталган, калган 700 метр жолду 2021-жылдын 15-августуна карата бүткөрүү пландаштырылууда.

«Ошондой эле чек арадагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй -бүлөлөрү үчүн турак үйлөрдүн курулушу да жыйынтыкталды. Максат айылындагы орто мектептин реконструкциясы аяктады. Буга катар башка объектилердин курулушу тездетилип, өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керек. Чыр -чатактан жапа чеккен айылдардын жарандары келерки кышка карай жылуу үйлөргө жайгашуусу керек», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Мындан тышкары, Мамлекеттик комиссия тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон окуялардан жабыркаган ишкердик субъекттерге компенсация төлөө чечими кабыл алынды.

Жабыркагандарга социалдык төлөмдөр үчүн республикалык бюджеттен 51,5 миллион сом (бир жолку жардам) бөлүндү.

Жолугушуунун катышуучулары «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан үч окууда жактырылгандыгын белгилешти.

Ошондой эле кредиттик милдеттенмелери бар Баткен облусунун жабыр тарткан жарандарынын толук тизмеси түзүлдү, ага ылайык коммерциялык банктар жана микрокредиттик компаниялар тарабынан кредиттик карыздарды эсептен чыгаруу жана узартуу боюнча тиешелүү процедуралар аткарылган.

Кеңешменин жыйынтыгында Мамлекеттик комиссия Баткен облусунун чек арадагы аймактарын калыбына келтирүүгө байланыштуу маслелерди ыкчам чечүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.