07
Август
Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Тоң районунун Оттук айылынын тургундары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов 7-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылына барды.
Бул жерде селдин кесепетинен 320 турак үйдүн короолорун суу каптады, 64 турак үйдү суу каптады, 3 үй авариялык абалда.
Министрлер Кабинетинин башчысы турак үйлөрдүн абалын карап чыгып, бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ал жарандарды өзгөчө кырдаалдарга карата үйлөрүн камсыздандырууга чакырды.
Улукбек Марипов ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы «Кредо-Бак» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ишкана мөмө-жемиш ширелерин жана пюрелерди чыгарат. Жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч жабдуулар бар. Мындан тышкары, уюм нан азыктарын чыгарат.
Биз социалдык тармактарда: Facebook, Instagram, Telegram, Youtube