23

Август

2021

Регенерациялануучу кагаз жана картонду Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) (ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду) ташып чыгууга (эл аралык транзиттик жүк ташуудан тышкары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Убактылуу тыюу салуу ички рынокто чийки заттын тартыштыгын алдын алуу, өндүрүштү стимулдаштыруу жана даяр продукциянын экспортун көбөйтүү максатында киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууну токтотууга багытталган зарыл чараларды көрүүлөрү зарыл.


Биз социалдык тармактардаFacebookInstagramTelegramYoutube