27

Август

2021

Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 500 миң доза жана COVAX линиясы аркылуу 40 миң доза Sinopharm вакцинасы келет

Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары 500 миң доза жана COVAX линиясы аркылуу 40 миңден ашык доза Sinopharm вакцинасы келет. Мындай макулдашуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэндин эки тараптуу жолугушуусунда жетишилди.

Жолугушууда Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө, Кытайдын Кыргызстандагы Элчилигине коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүүдө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтып, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн болгон аракеттер жумшала тургандыгын билдирди. 

Кытайдын Кыргызстандагы Элчилиги Ду Дэвэнь өз кезегинде кыргызстандыктарды келе жаткан юбилейдик дата – өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз-кытай кызматташтыгы ар дайым жогорку деңгээлде экенин жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу кырдаалга карабастан салттуу достук бекемделип жана өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 500 миң доза Sinopharm вакцинасын берүү чечимин кабыл алганын Ду Дэвэн айтты. Мындан тышкары, кытай тарап COVAX программасынын алкагында 40 миң дозадан ашык вакцинаны берүүгө даяр экенин билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары кытай тарапка ыраазычылыгын билдирип, бул колдоонун өз убагында болгонун белгиледи.

"Кытай Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардам биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун дагы бир ачык далили болуп саналат жана жалпы коркунучка каршы чараларды күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем", – деп белгиледи Жылдыз Бакашова. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү 300 миң доза Sinopharm вакцинасын Кыргызстанга гуманитардык жардам катары берген.


Биз социалдык тармактардаFacebookInstagramTelegramYoutube