27
Август
Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.
Жолугушууда аялдарды колдоо жана аймактардагы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ду Дэвэнь билдиргендей, Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен Бишкекте тигүүчүлүк боюнча окуу борбору ачылды, анда аялдар тигүү курстарынан өтүп, андан ары жумушка орношо алышат. Борбор 60 тигүүчү машина менен жабдылган.
Жылдыз Бакашова кытай тарапка мындай маанилүү социалдык долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул багытта эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи. Тактап айтканда, ал аймактардагы аялдардын бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин эске алууну сунуштады.
Мындан тышкары, жаңы окуу жылынын алдында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Баткен облусунун (Максат жана Миң-Булак айылдары) эки мектебине жабдуулар (компьютер, телевизор) жана кеңсе товарлары жеткирилди.
"Биз, эне катары, балдардын келечеги үчүн тынчсызданабыз, бардык мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алуусуна бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн болгон аракетибизди жумшоого аракет кылабыз", – деди Ду Дэвень.
Тараптар жолугушуунун жыйынтыгы боюнча окуу сезону башталганга чейин өлкөнүн алыскы аймактарындагы башка билим берүү уюмдарына колдоо көрсөтүүнү макулдашты.
Биз социалдык тармактарда: Facebook, Instagram, Telegram, Youtube