31
Август
Улукбек Марипов: Эгемендүүлүк – элибиздин башкы байлыгы
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ош шаарында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.
Улукбек Марипов мекендештерди куттуктап жатып, 30 жыл аралыгында өлкөдө чоң жетишкендиктер да, кыйчалыш мезгилдер да орун алгандыгын белгиледи.
«Элибиздин бай тарыхынын, ийкемдүүлүгүнүн жана акылмандыгынын аркасында биз көптөгөн сыноолорду жеңе алдык. Биргелешип, жалпы аракеттер менен бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз деп ишенем. Өлкөнүн элинин көптөгөн муундарынын талыкпаган эмгегинин натыйжасында Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө тарыхын, маданиятын жана өзгөчөлүгүн сактап калган эгемендүү мамлекет болуп саналат», - деп айтты өзүнүн кайрылуусунда Министрлер Кабинетинин башчысы.
Ал кошумчалагандай, республика прогрессивдүү өнүгүү жолунда турат.
«Биздин өлкөбүздүн келечеги кең, ал үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Бул – биздин эркиндикти жана эмгекти сүйгөн элибиз, улуу тарыхыбыз жана келечектүү жаштарыбыз. Өлкөдө ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн адамдык жана экономикалык ресурстар жетиштүү. Биз Кыргыз Республикасы экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулушу үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Биз үчүн канчалык оор болбосун, жалпыбыздын башкы байлыгыбыз – өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактоо үчүн жапа тырмак аракет кылуубуз керек", – деп белгиледи Улукбек Марипов.
Биз социалдык тармактарда: Facebook, Instagram, Telegram, Youtube