31

Август

2021

Эгемен кыргыз эли – эгемендигин кут болсун!

Баткен шаарында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттын официалдуу бөлүгү борбордук стадионунда өтүүдө.

***

Баткен элини жана келген меймандарды КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыкты алган күнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө: 

       “ Өлкөбүз, элибиз отуз жыл аралыгында бир канча сыноолорду башынан өткөрдү. Бул күн – элибиз, мамлекетибиз үчүн эң ыйык, эң улуу күн ! Урматтуу мекендештер, эгемен кыргыз эли мамлекеттин көз карандысыздыгын көздүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга жеткирүү биздин ыйык милдет!”- деп баса белгиледи.


Андан соң КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров КР Министрлер Кабинетинин төрагасы У.Мариповдун атынан жана жеке өзүнүн атынан Баткен элин куттуктады. Мындан сырткары КР ЖК депутаты Айнура Аскарова жана КР ЖК басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбековалар да куттуктап, элге бакубат жашоо каалады. 


Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүктү алган күнү менен куттуктап кошуна Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун акими Сайитибрагим Саидмусаев Баткен шаарындагы өтүп жаткан майрамдык салтанатка катышып, Баткен элин,жалпы кыргыз элини эгемендиги менен куттуктады.


Салтанаттын жүрүшүндө келген калың журт үчүн атайын борбордон, Бишкек шаарынан келген эстрада жылдыздарынын, эл артисттеринин жана жергиликтүү маданият кызматкерлеринин чоң программадагы концерти жаңырды. 

Мындан сырткары облустук,райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин, ак халатчандардын, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин, спортчулардын парады уюштурулду.


Майрамдык салтанаттын соңунда өлкөнүн эгемендигинин урматына салют атылды.


Негизинен эки бөлүктөн өткөрүлдү. Алгач спорттук иш чара менен башталып, андан соң облустун район шаарлары тарабынан айыл чарба продукцияларынын жана улуттук тамак-ашы, Баткендин бренди болгон өрүктүн түрлөрү, көл өнөрчүлүк, улуттук аспаптары коюлган көргөзмө уюштурулду. Облус башчысы жана КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, ЖК депутаты жана басма сөз кызматынын жетекчиси улуулардын айкелине гүлчамбар коюшту.



КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.