02

Сентябрь

2021

Биздин тандоо COVIDсиз жашоо!

         Бүгүн 2-сентябрь Баткен шаарында коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн облустук акциясы старт алды. Анда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук үй-бүлөлүк даарыгерлер борборунун кызматкерлери жана биргелешкен борбордук оорукананын ак халатчан даарыгерлери, облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

*****

Коркунуч жараткан илдетке каршы уюштурулган акцияда облус башчысынын орун басары сөз сүйлөп, вакцина алуу зыян эмес экенине токтолуп, ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын сак саламат жашоосу үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсү менен аталган илдетти жеңүүгө болоорун баса белгиледи.


Акцияда Баткен облустук үй бүлөлүк даарыгерлер борборунун башчысы, саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбаевда сөз сүйлөп, калктын илдетке каршы вакцина алуусу боюнча маалымат берип, жалпы облустун тургундарын COVID 19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө активдүү катышууга чакырды.


Соңунда акциянын катышуучулары ковидсиз жашоо, STOP коронавирус,  COVID 19га жер жүзүндө орун жок аталыштарда  түрдүү лозунг, чакырыктар менен жөө жүрүшкө чыгышты. Аталган акция 10 күн бою облустун бардык район, шаарларында жер-жерлерде өткөрүлөт.

*****

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.