03

Сентябрь

2021

Сузактагы жабыркаган үй-бүлөгө камсыздандыруу уюму 400 миң сом берди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн Масадан айылынын тургуну Ганижан Бекмурзаевдин ушул жылдын май айында турак үйүнөн өрт чыгып, жараксыз абалга келген. 

Буга чейин ал үйүн камсыздандыруудан өткөргөндүктөн, бүгүн мамлекеттик уюму тарабынан келтирилген чыгым эсептелип 400 миң сомдук сертификат берилди. Аны облус башчысы Абсаттар Сыргабаев тапшырып, мындан ары жаратылыш кырсыктары болбошун тилеп, каражат муктаждыгына жардамы тиерин айтты.

Жалал-Абад облусунда 191 миңден ашык турак үй болсо, алардын 5 миң 654ү камсыздандырылган. Жыл башынан бери камсыздандыруудан өтүп, ар кандай жаратылыш кырсыктары катталган 9 турак үйгө, атайын комиссиянын корутундусу менен 1 млн 800 миң сом берилген. Алдыда уюмдун кызматкерлери бул багыттагы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтмөкчү.