03

Сентябрь

2021

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар гүл өстүрө баштады

Жалал-Абад шаарында "Даанакер" мүмкүнчүлүгү чектелгендер коому тарабынан күнөсканада гүл түрлөрү өстүрүлө баштады. Өткөн жылы аталган коом Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган сынакка долбоор жазып жеңип чыккан. Анын натыйжасында 25 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гүл өстүрүү сырлары үйрөтүлгөн. Ага калаа мэриясы тарабынан атайын жер ажыратылып, күнөскана курулган. 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, "Даанакер" мүмкүнчүлүгү чектелген коомунун гүл өстүрүп жаткан күнөсканасынын ачылышына катышып, андагы иштер менен таанышты. 

Өкүл облустук бийликтин материалдык жардамын тапшырып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, жараткандык менен алектенип жаткан коомдун ишине ийгилик каалады. Мындан ары да аярлуу катмардагы жарандарга көмөк көрсөтүү иштери улантылаарын айтты. 

Калоочулар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тарабынан өстүрүлгөн гүлдөрдү сатып алууга болот. 

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ч. Айтматов аймактык башкармалыгынын М. Исакулова көчөсүндө жайгашкан. Болжол, эски төрөт үйүнүн арты.