07

Сентябрь

2021

Кече, 7-сентябрь күнү КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кызыл-Кыя шаарына иш сапары менен барды.

*****

Облус башчысы жумушчу сапарынын алкагында орун басары Ж.Исаков жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков менен биргеликте Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар өндүрүш тармагындагы ишканалардын ишмердүүлүктөрү менен жакындан таанышты.


1998-жылы түзүлгөн  “Агропласт” айыл чарба кооперативи бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат.Анда 60 жумушчу эмгектенет.Негизинен аталган кооператив мөмө-жемиштерди консервациялап, ички базарда сатыкка чыгарат жана Россия Федерациясынын аймагына экспорттойт.

*****

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Глобал гармент” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. 


Аталган тигүү фабрикасы 2020-жылдын май айында ишке киргизилип, азыркы күндө 500 жумушчусу бар. Алдыда жумушчулардын санын 1000 ге жеткирүүгө камынып турушат. Бул ишкананы жеке ишкер С.Жолдубаев өзүнүн каражаты менен ишке куруп, кошумча USAID тарабынан колдоо көрсөтулгөн. Бир жыл ичинде 7,5 млн. даана кийим-кече тигүү пландаштырылган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кошумча Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдардын тургундарын иш ордулары менен камсыз кылууда чек арадагы айылдарда тигүү фабрикаларын курууну сунуштады. Анан да мамлекет тарабынан да колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

*****

Иш сапардын жүрүшүндө “Кызыл-Кыя ХЦТ” шифер өндүрүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.


Бул ишкана 2020-жылдын июнь айынан ишке киргизилип, “Кант ТШП” тарабынан каржыланган. Жыл ичинде 3,7 млн. даана шифер чыгаруу пландаштырылган. Өндурүлгөн продукция Баткен облусунун жана Ош облусунун аймагына сатыкка чыгат. 100 дөн ашык жумушчу эмгектенет.

*****

Андан соң облус башчысы “Гинекос” медициналык борборуна барды.


Калкка медициналык кызмат көрсөткөн бул медициналык борбор 2021-жылы апрель айында заман талабына ылайык шарттары менен пайдаланууга берилип, 35 кызматкер эмгектенет.

*****

Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев БатМУ КГПИ окуу жайынын окутуучулары менен жолугуп, окуу жайдын абалы боюнча баарлашты. Анда облус башчысы аталган окуу жай мэриянын балансында турган имаратта ижара акы төлөп иштеп жаткандыгынан кабардар болуп, шаар мэрине ыкчам түрдө окуу жайдын өзүнүн балансына өткөрүп берүүнү тапшырды. 

*****

Иш сапардын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери менен да жолугушту. Анда облус башчысы менен төрөт үйүнүн ак халатчан кызматкерлерит төрөт үйүнүн ишмердүүлүктөрү жөнүндө кеңири баарлашты.

*****

Кызыл-Кыя шаарына болгон иш сапарынын алкагында облус башчысы шаарда жолдорду асфальтто иштери журүп жаткандыгынан жана шаарда жаңыдан пайдаланууга берилген мал союулуучу жайдан, кошумча Караван аймактык №8 окуу борборунан кабар алды.

*****

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.