08

Сентябрь

2021

Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму өтөт

Бишкек шаарында 2021-жылдын 10-сентябрында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай катышат.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.