08

Сентябрь

2021

Жалал-Абадда 1600 балага мектеп формалары таратылды

Жалал-Абадда жаңы окуу жылына карата жалпы 1600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп формасы тапшырылды.

Бүгүн, 8-сентябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына экинчи ирет мектеп жана спорттук формаларды тапшырды. 

Жаңы окуу жылына карата облус аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында, башталгыч класстын окуучуларын мектеп формалары менен камсыздоо аракеттери облус башчысы тарабынан демилгеленип, демөөрчүлөрдүн каржылоосунда ишке ашырылууда.   

Бүгүн облус өкүлүнүн катышуусунда формалар 200 балага тапшырылса, калган аймактардагы балдар кийимдери район жетекчилиги тарабынан таратылат.