09

Сентябрь

2021

Жалал-Абадда курулуп жаткан футбол академиясынын эскиздери

Жалал-Абад шаарында футбол академиясынын курулушу жүрүп жатат.

Сүрөттө долбоордун эскиздери көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, академия акыркы технологияларды колдонуу менен курулат. Бул жерде 7 жаштан 17 жашка чейинки 200гө жакын бала билим алат. Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку балдардан турган эки команда машыктырылат. Академияда үч чоң жана эки кичи-футбол аянтчасы, жабык спорт залы, унаа токтотуучу жай, ашкана жана жатакана болот.

Айта кетчү нерсе, футбол академиясы ишкерлер тарабынан курулууда.