09

Сентябрь

2021

Кайрымдуулук иштер соопсуз калбайт


*****

Бүгүн 9-сентябрь КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев “Баткен Ыйман Нуру” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш чарасына катышты.


Аталган кайрымдуулук фонду уюштурган иш чарада кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 эр азаматтардын үй бүлөсүнө жана облустун район шаарларынан келген аз камсыз болгон үй бүлөлөргө фонд тарабынан колдоо көрсөтүү максатында алардын 18 жашка чейинки балдарына 10 500 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.


Облус башчысы иш чарада сөз сүйлөп, фонд тарабынан жасалып жаткан бүгүнкү жана буга чейинки кайрымдуулук иш-аракеттерине жана башка чек арадагы жабыр тарткан үй бүлөлөрдү колдоо максатында жардам колун сунган жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирип, Баткен элинин атынан рахмат айтты.


Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө 36 шейит кеткен, мекендин патриот уулдарынын жакындары жалгыз эмес, мамлекет тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.


Анан да ыйгарым укуктуу өкүлү фонд тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш аракеттерде активдүү катышкан жаранга ыраазычылык баракчасын тапшырды. Мындан сырткары аталган фондунун ыраазычылык баракчалары да кайрымдуу инсандарга,


Аталган фонд Баткен облусунун аймагында кайрымдуулук ишчараларын байма-бай жүргүзүп келет. Жыл сайын 400гө жакын муктаж, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө Ыйык Курбан Айт күндөрү эт жана азык түлүк менен жардам көрсөтүп келет. Анан да фонддун аракети менен 41 ата-энесинен ажыраган балдар өкүл ата-энелүү болушкан. Мындан сырткары бир катар соопчулук иш аракеттер менен алектенип келет.

*****

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.