09

Сентябрь

2021

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жаш эр азаматтарды Ата Мекенди сүйүүгө үндөдү


*****

Бүгүн 9-сентябрь КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аскердик лицейге окууга өткөн жаш жигиттер, алардын ата энелери жана КР ИИМнин Баткен облусундагы 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери менен жолугушту.


Бул жолугушууда катышып жаткан жаш жигиттер жана алардын ата-энелери алыскы чек ара аймактарынан жана Баткен облусунун район шаарларынан келишкен. Аларды облус башчысы Баткен облусунан мыкты чек арачылар, өз элин сүйгөн атуулдар болушу үчүн Бишкек шаарында жайгашкан генерал-майор Д.Асанов атындагы Кыргыз Улуттук Аскер лицейине окууга өтүүсүнө түздөн түз колдоо көрсөткөн.


Облус башчысынын аракети менен аталган аскердик окуу жайына Баткен облусунан 57 бала өткөн. Жалпысынан бул лицейде ушул жылы 150 баланы окууга кабыл алышат. Бул демилге ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев тарабынан көтөрүлүп, КР Президенти урматтуу С.Н.Жапаров жана КР Коргоо министрлиги жана аталган окуу жайдын жетекчилиги колдоого алып ишке ашты.


Генерал-майор Д.Асанов атындагы аскердик лицейине окууга өткөн жаш жигиттерге дем-күч берүү жана алардын патриоттук сезимдерин ойготуу максатында аларга үлгү катары удаалаш КР ИИМнин Баткен облусундагы 707 ички аскер бөлүгүнүн бир нече кызматкерлерин, жана Ата Мекен алдындагы ыйык парзын аткарып жаткан жоокерлерди КР ИИМнин Ички аскер кызматынын түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктап аларга облус башчысы ардак баракчаларды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.


Соңунда аскердик лицейге өткөн балдардын ата энелери бул колдоосу үчүн КР Президенти С.Н.ЖАпаровго жана облус башчысы А.К.Алимбаевге ыраазычылыктарын билдирди.

*****

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.