08
Сентябрь
Максатта “облус башчысынын кубогу” спорттук иш чаралар өттү
*****
Кече, 8-сентябрь КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин колдоосу, демилгеси менен алыскы чек арадагы Максат айылында спорттук иш чара уюштурулду. Мелдеште Нарын облусунун Кочкор районунан активисттеринен түзүлгөн команда жана Лейлек районунун айыл аймактарынан түзүлгөн командалардын спорттун бир нече түрлөрү боюнча чоң мелдеши өттү.
Анда спорттун волейбол, футбол, теннис, шахмат түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулуп, жалпысынан 12 команда ат салышты. Мелдеште жеңишке жеткен, алдыңкы орундарды багындырган командаларга облус башчысы тарабынан атайын кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мелдеште Кочкор районунун активисттери да катышып, мыкты оюн көрсөтүштү. Бул активисттер 29-30-апрельдеги каргашалуу окуядан соң Максат айылынын тургундарын колдоо максатында айылга кичи футболдук аянтчанын курулушуна демөөрчүлүк кылышкан. Бүгүнкү спорттук мелдеште бул команда спорттун футбол түрү боюнча биринчиликти камсыз кылышты.
Бул уюштурулган спорттук мелдештер жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Максат айылында чоң даяргерчилик көрүлүп, улуттук боз үйлөр тигилип, элеттиктердин маанайы көтөрүңкү.
*****
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.