09

Сентябрь

2021

Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай келди

Кыргыз Республикасына Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2021-жылдын 10-сентябрында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.