10

Сентябрь

2021

Кыргыз-түрк форумуна 300 ашуун компания катышты

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында кыргыз-түрк бизнес форуму болду.

Ишкерлердин жолугушуусуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай катышты.

Форумдун жүрүшүндө болжол менен 250 ата мекендик жана 90 ашуун түрк компания өкүлдөрү энергетика, айыл чарба тармагындагы, тоо-кен өнөр жайына инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө негизделген долбоорлорго тийиштүү маселелерди талкуулады.

Министрлер Кабинетинин башчысы өз сөзүндө бир тууган Түркия Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр экендигин билдирди жана инвесторлорду өлкөгө чакырып кетти.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти маалымдагандай, түрк тарап да эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даяр жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө аталган форумдун маанилүүлүгүн белгиледи.