10
Сентябрь
Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду (тизме)
Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Тактап айтканда, өкмөттөр аралык комиссиянын кеңешмесинин катышуучулары тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жана Түркия Республикасынын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркия Республикасынын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– кеңешменин протоколу.